Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын  «___» ______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 67 «Муниципалдык турак жай фонду, аны берүү тартиби жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы өлчөмүн жана акы түзүмүн аныктоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин сарамжалдуу пайдалануу, Бишкек шаарынын муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарга, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюму, ишканасы же мекемеси менен эмгек мамиледе болгон жана кызматтык турак жай алууга муктаж  жарандарга берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 38, 39, 56 жана 57-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 67 «Муниципалдык турак жай фонду, аны берүү тартиби жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы өлчөмүн жана акы түзүмүн аныктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте:

1) муниципалдык турак жай фондунун турак жайларына укуктарды берүүгө байланышкан маселелерди кароодо ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобону так жетекчиликке алсын;

2) муниципалдык кызматтык батирлерди ушул Жобого ылайык келтирсин.»;

2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык иштелип чыкты жана төмөнкүдөй бирдиктүү тартипти белгилейт:

- турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын акы төлөп мөөнөттүү пайдаланууга берүү;

- кызматтык турак жайларды берүү;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү.»;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«муниципалдык турак жай фонду - муниципалдык менчикте турган турак жайлардын жыйындысы, алар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул Жобо тарабынан аныкталган тартипте берилет;»;

төртүнчү абзацта «түзүмдүк бөлүгү» деген сөздөр  «бөлүмү» деген сөз менен алмаштырылсын.

- 3-пункттагы «буйругу» деген сөз «чечими» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «5. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын берүү кезектүүлүккө ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

- Бишкек шаарынын ар бир администрациялык районунда жашаган жери боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган адамдарга бирден турак жай;

- иштеген жери боюнча эсепте турган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга бир кызматтык турак жай.»;

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген негиздер боюнча жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждар деп таанылат.»;

- 10-пункттагы «өздүк» деген сөз «жеке» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 11-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген үй-бүлөсүнүн курамы жана иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалым каттар;»;

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык иш жүргүзгөн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча комиссиянын корутундусу бар болгон учурда жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен жүргүзүлөт.»;

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:

«161.Иштеген жери боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу ушул Жобонун 241-пунктуна ылайык түзүлгөн муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Иштеген жери боюнча эсепке алуу үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясы жана профсоюздук комитети ыйгарым укуктуу органга турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга кызматтык турак жайын берүү жөнүндө тийиштүү өтүнүчүн ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен берет, алар муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссия тарабынан каралууга тийиш.»;

- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:

«7) «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген үй-бүлөсүнүн курамы жана иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалым каттарды бербесе»; 

- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«22. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча комиссия тарабынан турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарга турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгүн тактоо жыл сайын жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебине туруу үчүн жарандар тарабынан берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы текшерилет.»;

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:

 «221. Жашаган жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын кезектүүлүгү Жарандарды эсепке алуу китебинде катталган эсепке алынгандыгы жөнүндө жазылган датанын негизинде жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аныкталат.

Иштеген жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын кезектүүлүгү муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат, ал  Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясынын жана профсоюздук комитетинин турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга кызматтык турак жай берүү жөнүндө өтүнүч катынын ыйгарым укуктуу органда катталган датасын эске алат.»;

- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«24. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайы ыйгарым укуктуу орган тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча акы төлөө негизинде он жылдык мөөнөткө мөөнөттүү пайдаланууга берилет.

Бишкек шаарынын мэриясынын чечими муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссиянын корутундусуна ылайык киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде кабыл алынат.»;

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 241, 242, 243-пункттар менен толукталсын:

«241. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын мөөнөттүү акы төлөп пайдаланууга берүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын алдында муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлөт.

Муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамы жана анын иш тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечими менен бекитилет.

Муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй маселелерди карайт жана корутунду чыгарат:

-.иштеген жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жана кезектүүлүгүн аныктоо;

- жашаган жери боюнча эсепке алынган адамдарга муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын акы төлөп мөөнөттүү пайдаланууга берүү;

- иштеген жери боюнча эсепке алынган адамдарга муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык турак жай катары акы төлөп мөөнөттүү пайдаланууга берүү;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык жайлардын катарына киргизүү;

-.муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык жайлардын катарынан чыгаруу;

-.муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү. 

242. Муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссия жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясы жана профсоюздук комитети тарабынан берилген документтердин жана маалыматтардын толуктугун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин карайт.

243. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси муниципалдык турак жай фондунун турак жайын берүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын чечиминин кабыл алышына негиз болгон ыйгарым укуктуу органдын сунушунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.»;

- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«30. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндө бошогон (кароосуз калган, бошотулган) турак жайлар ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын чечиминин негизинде турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдарга акы төлөп мөөнөттүү пайдаланууга берилет.»;

- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«32.  Эгерде мурда белгилүү болбогон жана жаранга турак жай берүүгө таасир этиши мүмкүн болгон жагдайлар аныкталса, муниципалдык турак жай фондунун турак жайын берүү жөнүндө чечим турак жайды мүлктүк жалдоо келишимин түзгөнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.»;

- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«34. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайы муниципалдык турак жай фондун берүү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечиминде бул турак жай кызматтык турак жай катары акы төлөп мөөнөтүү пайдаланууга берилип жаткандыгын көрсөтүү жолу менен кызматтык турак жайдын катарына кошулат.»;

- Жобо төмөнкү мазмундагы 341, 342-пункттар менен толукталсын:

«341. Кызматтык турак жай муниципалдык турак жай фондун берүү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен кызматтык турак жайдын катарынан төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:

 - кызматтык турак жайда Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюму, ишканасы же мекемеси менен акыркы жыйырма жылдан бери үзгүлтүксүз эмгек мамилесинде турган адам жашаган учурда; 

- кызматтык турак жайда кызматтык турак жайды алгандан кийин пенсия курагына жеткен жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюмдарында, ишканаларында же мекемелеринде он беш жылдан кем эмес жалпы эмгек стажы бар адам жашаган учурда; 

- каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюмдары, ишканалары же мекемелери менен акыркы он беш жыл ичинде үзгүлтүксүз эмгек мамилесинде турган каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрү кызматтык турак жайында жашаган учурда, ошону менен бирге үй-бүлө мүчөлөрү ошол адам менен бирге жашаган жана менчигинде башка турак жайы болбогон учурда же каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигиндеги турак жайы белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, жашоого жараксыз жана оңдоого мүмкүн эмес деп белгиленген тартипте  эсептелген учурда.

342. Ушул Жобо күчүнө киргенге чейин берилген кызматтык турак жай муниципалдык турак жай фондун берүү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен кызматтык турак жайдын катарынан төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайын кызматтык турак жай катары алган жана Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында, ишканаларында же мекемелеринде жыйырма жылдан кем эмес жалпы эмгек стажы бар адам жашаган учурда;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайын илим, маданият жана спорт жаатындагы жетишкендиктери үчүн кызматтык турак жай катары алган адам жашаган учурда; 

 - муниципалдык турак жай фондунун турак жайын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдардын жалпы кезектүүлүгүнүн тартибинде кызматтык турак жай катары алган адам жашаган учурда;  

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайын расмий жазуу жүзүндөгү күбөлүктөр (тастыктамалар) боюнча кызматтык жай катары алган адам жашаган учурда.»;

- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«35. Кызматтык турак жай Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюму, ишканасы же мекемеси менен бир жылдан кем эмес эмгек мамилелеринде болгон жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга Бишкек шаарынын аймагында бош турак жай бар экендигин эске алуу менен берилет.»;

- 38-пункттагы «убактылуу колдонууга» деген сөздөр «эмгек мамилелеринде болгон мезгилде акы төлөп мөөнөттүү пайдаланууга» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 411-пункт менен толукталсын:

«411. Кызматтык турак жайда жашаган жана 341 жана 342-пункттарда көрсөтүлгөн категорияларга кирген адам турак жайды кызматтык турак жайдын катарынан чыгаруу үчүн бул адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайдын жоктугун, ошондой эле бул адамда жана анын үй-бүлө мүчөлөрүндө кызматтык турак жайда жашаган мезгилде кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жоктугун ырастаган документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга тийиштүү арызын берет.»;

- 44-пункттагы «муниципалдык турак жайды» деген сөздөр «муниципалдык турак жай фондунун жайын акы төлөп мөөнөттүү пайдаланууга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«47. Мүлктүк жалдоо келишимин түзүүдө үй-бүлөнүн жашы жеткен бардык мүчөлөрүнүн паспортторун же паспортту алмаштыруучу башка документтерин же үй-бүлөнүн жашы жете элек бардык мүчөлөрүнүн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көрсөтүү милдеттүү.

Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын жалдоочу Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечимине кол тамга коюлгандан кийин 30 күндүн ичинде мүлктүк жалдоо келишимин түзүүгө жана аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.»;

- 61-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Менчиктештирүүнүн формасын ыйгарым укуктуу орган аныктайт.»;

- 65-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө жарандардын арыздары ыйгарым укуктуу органга берилет жана муниципалдык турак жай фондун бөлүштүрүү боюнча комиссия тарабынан каралат.»;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө арыз берген жаран, арызга бул адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайдын жоктугун, ошондой эле муниципалдык турак жай фондунун турак жайында жашаган мезгилде бул адамда жана анын үй-бүлө мүчөлөрүндө кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жоктугун ырастаган документтерди тиркейт.»;

- Жобо төмөнкү мазмундагы 66-пункт менен толукталсын:

«66. Ыйгарым укуктуу орган жарандардын муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө арыздарын ыйгарым укуктуу орган менен жалдоочунун ортосунда түзүлгөн мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин гана карайт.».

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы

маалымкат-негиздеме (docx.27 kb)
финансылык корутунду (docx. 31 kb)
юридикалык корутунду (docx. 13 kb)
салыштырма таблица (doc. 40 kb)