Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Канализация тармагын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү жана экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 13-1-16/905 « Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин объекттерин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Чүй облусу, Аламүдүн району, Беш-Күңгөй айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 44549-аскер бөлүгүнүн балансында турган канализация тармактарын  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте  ушул токтомдон келип чыккан  зарыл чараларды көрсүн.

3. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы

маалымкат-негиздеме (docx. 20 kb)
финансылык корутунду (docx. 30 kb)
юридикалык корутунду (docx. 13 kb)