Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 


 Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«____» ________________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Мектепке чейинки билим берүү уюмун уюштуруу үчүн тийиштүү жер участогу менен администрациялык имаратты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Мурдагы бала бакчасынын имаратын максаттуу багыты боюнча пайдалануу аркылуу балдардын мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 969-VII «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө» токтомун эске алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Мектепке чейинки билим берүү уюмун уюштуруу үчүн Бишкек шаары, «Чыгыш-5» кичи району, 18/1 дареги боюнча жайгашкан идентификациялык коду: 1-03-08-0043-0512, аянты 1,14 га жанаша жайгашкан жер участогу менен жалпы аянты 4509,13 чарчы метрди түзгөн имаратты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы         

маалымкат-негиздеме (docx. 23 kb)
финансылык корутунду (docx. 30 kb)
юридикалык корутунду (docx. 13kb)