Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө талаптарды бекитүү жөнүндө

Бишкек шаарынын бирдиктүү архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн калыптандыруу максатында, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 15, 16-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бекитилсин:

           - Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана  имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө талаптар 1-тиркемеге ылайык;

- Имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга, эксплуатациялоого жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата техникалык талаптарды бир айлык мөөнөттө бекитсин;

- өз ишинде, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди катуу жетекчиликке алсын.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №150 “Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы

 

маалымкат-негиздеме (docx.14 kb)
финансылык корутунду (docx. 40 kb)
юридикалык корутунду (docx. 14kb)
аналитикалык эскертүү (docx. 1437 kb)
дизайн коду (docx.145 kb)
паспорт (pdf. 7mb)