Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «___»_______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

«Кыргызстан менен Азербайжан Достук сейил багы» мүлктүк комплексин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу жана социалдык маанилүү иш-чараларды уюштуруу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-статьяларына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2023-жылдын 2-ноябрындагы № 11/2429 катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү дарегинде жайгашкан «Кыргызстан менен Азербайжан Достук сейил багы» мүлктүк комплексин жалпы аянты 5,5 га жер участогу менен идентификациялык коду: 1-04-13-0033-0355, мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлк комплексин мамлекеттин менчикке өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын;

- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы

маалымкат-негиздеме (docx.23 kb)
финансылык корутунду (docx.31kb)
юридикалык корутунду (docx.13kb)