Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

30.04.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 125

Светофордук объекттерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттар системасын пайдалануунун жана өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-, 6-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-, 34- жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Светофордук объекттерди “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынан Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

светофордук объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте светофордук объекттердин андан ары иштөөсүн камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 К. Конгантиев