Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

30.04.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 122

Трансформатордук көмөк чордон куруу үчүн жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасын энергетикалык кризистен чыгарууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле Бишкек шаарынын калкынын электр менен жабдууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы         № 378 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 ПЖ “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 30-январындагы № 02-4/769 катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Трансформатордук көмөк чордон куруу үчүн Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 3а дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-06-0035-0763, жалпы аянты 0,32 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ээликтен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                              К. Конгантиев