Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 5-октябрь № 90

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № ПЖ 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № ПЖ 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына жана “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө” убактылуу жобого ылайык,  Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын даярдоо жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Элдик Курултайдын (мындан ары –Курултай) делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10.00дө, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 251 (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы) дарегинде чакырылсын.

2. 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

2-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү  боюнча график;

3-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүгө жооптуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси.

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жумушчу топтун катышуучуларынын жалпы саны – 500 делегат;

бөлүштүрүү ченеми: Ленин району – 125 делегат; Октябрь району – 140 делегат; Биринчи май району – 101 делегат; Свердлов району - 134 делегат.

5. Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктугунун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ:

2013-жылдын 26-октябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрсүн;

алдыда боло турган Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө Бишкек шаарынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;

уюштуруу маселелер боюнча башка тийиштүү чараларды көрсүн;

жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча  Бишкек шаарынын 60 (алтымыш) делегатка документтердин тийиштүү топтомун Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетине жөнөтсүн.

6. Бишкек шаарынын мэриясы  Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К. К. Конгантиевге, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. К. Абдиевге жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                             К. Конгантиев