Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 125 “2020-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктундагы “10 057 526,9”, “5 179 739,3”, “1 290 096,4”, “1 277 187,5”, “1 100 277,8”, “1 210 225,9” деген цифралар тийиштүү “9 477 498,9”, “4 886 484,5”, “1 218 058,7”, “1 180 294,4”, “1 062 081,7”, “1 130 579,6” деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 4- тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3- тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. 2019-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен  81 495,7 миң сом суммасындагы чыгашаны ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык багыттоого уруксат берилсин.

4. Ушул токтом каттоодон  өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                               Ж. Б. Абиров

Тиркеме:

- 2020-2022-жылдарга Бишкек шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү (doc. 532 Кб)