Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып,  Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйындарында (чогулуштарында) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулап, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы, тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы  Жергиликтүү жамааттын уставын өзүнүн расмий сайтына жарыяласын.
  3. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы №122 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                       Ж. Б. Абиров