Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдоруна ылайык,  Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо);

 2-тиркемеге ылайык, жер участогун ижаралоонун типтүү келишими;

 3-тиркемеге ылайык, архитектуралык-техникалык корутундунун формасы.

2. Бишкек шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттө, белгиленген тартипте:

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин;

Бишкек шаарынын куруу жана жер пайдалануу  эрежелерин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом Бишкек шаарында куруу жана жер пайдалануу  эрежелери белгиленген тартипте бекитилгенден жана күчүнө киргенден кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                             Ж. Б. Абиров