Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө  муниципалдык  менчик жөнүндө”  мыйзамынын  17-, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн жаңы автобустарды сатып алуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясына ички жана тышкы өздөштүрүүлөрдүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген тартылган финансылык каражаттардын эсебинен, анын ичинде ижара (лизинг) шарттарында автобустарды сатып алууга макулдук берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы түзүлгөн шарттарга ылайык тартылган финансылык каражаттардын карызын жоюуга  финансылык каражаттарды жыл сайын карасын.
  3. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы чарбалык ишмердиктин эсебинен жоюу графигине ылайык белгиленген тартипте финансылык ижара боюнча пайыздарды жоюуну камсыз кылсын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек  шаарынын биринчи  вице-мэрине жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн. 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                         Ж. Б. Абиров