Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарында жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдү, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги;

б) 2-тиркемеге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттары.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) ушул токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жетекчиликке алсын;

б) ушул токтом менен бекитилген жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттарын жетекчиликке алсын жана сактасын;

в) муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана муниципалдык кызматтардын стандарттарын Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жана Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтык такталарына жайгаштырсын;

г) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө жана ведомствого караштуу мекемелерине Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегине, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилбеген, акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө жол бербесин;

д) Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү, акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтерди (бааларды);

жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды (мөөнөтү аяктаганда документтерди кабыл алуу, даярдоо жана берүү) өз убагында көрсөтпөгөндүгү үчүн муниципалдык кызматчылардын жеке жоопкерчилиги жөнүндө сунушту.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте казыналыкта атайын эсеп ачсын.

4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Ч. З. Жумалиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (А. К. Бакетаев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

03.04.2019-ж.