Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынын чектелгендигине жана муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу, өз чечимдерин иретке келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 22-декабрындагы №50 “Баалуу кагаздарды чыгарууну уюштуруу жөнүндө” токтому;

Бишкек шаардык кеӊештин 2017-жылдын 30-ноябрындагы №44 «Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык баалуу кагаздарын чыгаруу жөнүндө» токтому.

2. Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомду ишке ашыруу боюнча чара көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Кулматова) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри  А. К. Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров