Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңештин “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынын лидерлеринин каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамынан  чыгарылсын:

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан - Коргонбай уулу Жусупбек - “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү жана Апсатар уулу Айжигит -“Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан - Аматов Рысбай Аматович - “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия - Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна - “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын мүчөсү жана Жолдошов Өмүрбек Шарабидинович - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

2. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамына киргизилсин:

регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга  - Аматов Рысбай Аматович - “Өнүгүү - Прогресс”  фракциясынын мүчөсү;

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга – Эргешов Казыбек Кочкорович - “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү жана Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович -“Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга - Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна - “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын мүчөсү жана Каримов Нургазы Аскарбекович - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга – Досиев Эдик Шарипович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.

3. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 1-пункт төмөнкү мазмундагы 6-сап менен толукталсын: “Аматов Рысбай Аматович - “Өнүгүү - Прогресс”фракциясынын мүчөсү”;

б) 3-пункттун 4-сабындагы “Коргонбай уулу Жусупбек” деген сөздөр “Эргешов Казыбек Кочкорович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 3-пункттун 6-сабындагы “Апсатар уулу Айжигит”  деген сөздөр “Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 4-пункттун 6-сабындагы “Аматов Рысбай Аматович”  деген сөздөр “Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) 4-пункт төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: Каримов Нургазы Аскарбекович - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү”;

е) 5-пункттун 6-сабындагы “Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна”  деген сөздөр “Досиев Эдик Шарипович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                 Ж. Б. Абиров