Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019-ж. 12-февраль

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, шаар тургундарын социалдык-маданий объекттер менен  камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, 11-кичирайону, 10/1 үй дарегинде  жайгашкан 0,42 гектар өлчөмдөгү жанаша жайгашкан жер участогу менен, жалпы  аянты 1064,8 чарчы метр мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы ушул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөн объектти капиталдык оңдоого жана иштөөсүнө каражатты 2019-2020-жылдарга  шаардык бюджетте караштырсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б. К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Төрага             Ж. Б. Абиров