Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаарынын 2012-жылдагы
бюджетинин аткарылышы жөнүндө
 
Бишкек шаардык кеңеши 2012-жылы атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен алынган расмий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине 5 786 822,4 миң сом суммадагы, же такталган планга карата 88,7% киреше түшкөндүгүн белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 5 820 226,2 миң сомду, же такталган планга карата 89,0% түздү.
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы № 319 “2012-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.
Отчеттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 628 556,8 миң сом түштү, анын ичинде эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусуна төгүмдөр боюнча кредитордук карызды төлөөгө карата 287 962,5 миң сом суммада, тамактандыруу боюнча 35 868,8 миң сом суммада, медикаменттер боюнча 1 387,3 миң сом суммада, калкка берилген жеңилдиктер боюнча 14 211,4 миң сом суммада, “Бишкекжылуулукэнерго” КИ субсидиялар боюнча 137 700,0 миң сом суммада, “жылуулукэнергиясы үчүн акы төлөө” боюнча 1 100,0 миң сом суммада, саламаттык сактоо тутумунда бирдиктүү беренеси тарабынан берилген чыгашаларга 141 170,0 миң сом суммада, мектептердин утурумдук ремонтун жүргүзүүгө карата 9 156,8 миң сом суммада түштү.
Бюджеттик мекемелердин кредитордук карызы 2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча 419 254,9 миң сом түздү, анын ичинен:
- Шаардык бюджет боюнча - 271 806,8 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча – 4 904,8 миң сом, медикаменттерди сатып алуу боюнча – 1 236,9 миң сом, тамак-аш продуктуларын сатып алуу боюнча – 75 475,7 миң сом, калкка берилген женилдиктер боюнча – 4 134,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 8 960,7 миң сом, алынган бланктар үчүн Кытайлык хромофототипия компаниясынын алдында – 6 049,5 миң сом, капиталдык салымдар боюнча – 34 313,4 миң сом, жылуулук энергиясына дотациялар боюнча (БЖЭ, ведомстволук отканалар) – 16 175,8 мин сом, жол куруу боюнча – 48 388,5 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча – 15942,6 миң сом, жолдордун чуңкурларын ремонттоо боюнча – 10503,9 миң сом, бюджеттик мекемелерди капиталдык ремонттоо боюнча – 15 865,4 миң сом, эмерек, компьютердик жабдууларды, китептерди. механизмдерди сатып алуу боюнча - 4 348,0 миң сом;
- Ленин району боюнча - 32 903,1 миң сом, анын ичинен тамак-аш продуктуларын сатып алуу боюнча – 127,9 миң сом, калкка берилген жеңилдиктер боюнча – 67,4 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 23 601,6 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 8 040,2 миң сом;
- Октябрь району боюнча – 48 623,0 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төлөмдөр боюнча - 17 166,3 миң сом, калкка берилген жеңилдиктер боюнча – 1 952,3 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 26 913,6 миң сом;
- Биринчи май району боюнча – 50 356,0 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төлөмдөр боюнча - 8 509,4 миң сом, тамак-аш продуктуларын сатып алуу боюнча – 173,2 миң сом, калкка берилген жеңилдиктер боюнча – 19,4 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 15 743,0 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 16 360,1 миң сом, ссуда боюнча - 8282,5 миң сом;
- Свердлов району боюнча – 15 566,0 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызматтар боюнча – 14 793,2 миң сом.
Бишкек шаарынын мэрясынын Бишкек шаарынын 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын карап чыгып жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 21 корутундусундагы эскертүүлөрдү эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1.           Бишкек шаарынын 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен, кирешелер жана чыгашалар боюнча 5 842 868,2 миң сом суммасында бекитилсин.
2.           Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Докенов Э. Ш.) жана биринчи вице-мэр Исмаиловго М. А. жүктөлсүн.
 
 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                 М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №35