Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

2014-жылда Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңеш 2014-жылы атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен алынган расмий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине 6759774,0 миң сом суммадагы же такталган планга карата 95,0% киреше түшкөндүгүн белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 6694231,0 миң сомду же такталган планга карата 93,1% түздү.

Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 18-мартындагы № 77 "2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.

Отчеттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 15916,2 миң сом түштү, анын ичинде Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын утурумдук ремонтун каржылоого 9157 миң сом сумма, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 3480,9 миң сом сумма, № 60 орто мектебинин азык-түлүк блогу жана ашканасы үчүн эмеректерди жана жабдууларды сатып алууга 320,0 миң сом сумма, коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 1458,3 миң сом сумма, № 2 стоматологиялык бейтапкананы ремонттоо үчүн 1500,0 миң сом сумма.

Бюджеттик мекемелердин кредитордук карызы 2015-жылдын 1-январына карата абал боюнча 350665,2 миң сом түздү, анын ичинен:

- шаардык бюджет боюнча - 252908,8 миң сом, анын ичинен дары-дармектерди сатып алуу боюнча - 427,9 миң сом, тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 713,1 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 627,9 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 9275,2 миң сом, капиталдык салымдар боюнча - 6559,3 миң сом, жылуулук энергиясына дотациялар боюнча (БЖЭ, ведомстволук отканалар) - 5990,8 миң сом, жол куруу боюнча - 24475,1 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча - 2327,6 миң сом, жол чуңкурларын ремонттоо боюнча - 1592,0 миң сом, бюджеттик мекемелерди капиталдык ремонттоо боюнча - 323,9 миң сом;

- Ленин району боюнча - 21550,5 миң сом, анын ичинен тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 2279,0 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 7757,0 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча - 8040,2 миң сом;

- Октябрь району боюнча - 29692,7 миң сом, анын ичинен тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 1087,6 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 4711,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 20221,6 миң сом;

- Биринчи май району боюнча - 33564,3 миң сом, анын ичинен тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 1592,5 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 839,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 13063,1 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча - 16360,1 миң сом;

- Свердлов району боюнча - 12948,9 миң сом, анын ичинен тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча - 1158,2 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 11747,2 миң сом.

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер менен чыгашалар боюнча милдеттерди эске алуу менен 6934826,3 миң сом суммада бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн 2016-жылдын 9-февралындагы актысында көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын аудитинин жыйынтыктары, ошондой эле 2014-жылга шаардык бюджеттин бюджеттик, атайын жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу боюнча бардык сын-пикирлерди эске алсын жана аларды мындан ары жол бербөө боюнча таасирдүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ш.Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу Э.3.Зарлыковго өтөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 13-майы, №184