Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык

менчик башкармалыгынын иши жөнүндө”  маселени

талдап чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын  ишинин

жыйынтыктары жөнүндө

         2014-жылдын 12 айы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын отчётун, ошондой эле,  “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын иши жөнүндө”  маселени талдап чыгуу боюнча Бишкек шаардык кеңештин жумушчу комиссиянын  маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.                Жумушчу комиссиянын бул маселе боюнча маалымкаты жана корутундусу эске алынсын (тиркелет).

2.                Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (мындан ары - Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсы) иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

3.           Бишкек шаарынын мэри тарабынан жана Бишкек шаарынын ММБсынын ишине контролдун толук жоктугу белгиленсин.

4.           Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов):

а)  7 жумуш күндүн ичинде токтоосуз Бишкек шаардык кеңеш менен бирдикте тийиштүү аймактык мамлекеттик органдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартуу менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун муниципалдык мүлкүн  башкаруу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзсүн.

б) Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна кийин киргизүү жана бекитүү менен муниципалдык менчикте турган бардык объекттерди, анын ичинде жер участокторду инвентаризациялоо, ошондой эле маалыматтардын бирдиктүү кодификацияланган электрондук базаны түзүү боюнча ишти тездетсин.

Инвентаризациялоону өткөрүү жана реестрди даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.

в) “ИДИС-Аудит-Консалтинг” ЖЧКсынан эксперттердин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында тийиштүү бухгалтердик учётту, финансылык отчёттуулукту, түзүмдүк бөлүмдөрдүн ички учётту, контролду жана отчёттуулукту уюштуруу жана камсыздоо, ошондой эле иш-кагаздарды  жана документ айланууну тийиштүү жүргүзүү боюнча, ал эми ченемдик база боюнча Бишкек шаардык кеңештин депутаты - К. К. Конгантиевдин  эскертүүлөрүн жана сунуштарын эске алуу менен, токтоосуз чара көрсүн;

г) Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсын реорганизациялоо  боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын;

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамынын табылган тартип бузуулары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсынын кызматтык жактарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карап чыксын;

е)   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен бирдикте төмөнкү административдик-техникалык персоналдарга (АТП): Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсынын башкы бухгалтери - Д. К. Мунайтпасовага муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чининин ыйгарылуусунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсынын бухгалтери-Г. А. Сармановага муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чининин ыйгарылуусунун негиздүүлүгүн талдап чыксын жана баа берсин жана мыйзам тарабынан белгиленген тартипте чара көрсүн;

ж) 2015-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарынын билим берүү жана саламаттык сактоо тутумунун муниципалдык уюмдарына жанаша жаткан жер участокторго мамлекеттик актыларды даярдоону жана берүүнү аяктасын.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга каражаттарды карасын.

  Бишкекбашкыархитектураны, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыкты жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивин бул ишти жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүнү өтүнсүн.

з)  15 күндүк мөөнөттө Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча Бишкек шаарынын ММБсынын,  билим берүү жана саламаттык сактоо тутумунун жооптуу кызматкерлеринен жана макулдашуу боюнча Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан жумушчу комиссия түзсүн;

и) Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №153 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу  тартиби жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө”  Бишкек шаардык кеңештин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоорун Бишкек шаардык кеңешке киргизсин.

Бир айлык мөөнөттө  көрүлгөн чаралар жөнүндө  Бишкек шаардык кеңешке маалымдасын.

5.                Болгон материалдар жөнөтүлсүн:

а) талдап чыгуу жана сунуштарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешине;

б) юридикалык  баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына.

6.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (М. А. Аманкулов)  жана  Бишкек  шаарынын   мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

2-март  2015-жыл,  № 110