Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин кээ бир

токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, “Ата-Мекен”, “КСДП” фракцияларынын жетекчилеринин катына ылайык,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү - Шарыпов Бакыт Сатыбалдиевич Регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
  2.  “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү - Усупова Бурулуш Жумаковна Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына  киргизилсин.
  3. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 1-пункту “Шарыпов Бакыт Сатыбалдиевич - “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү” деген мазмундагы сап менен толукталсын.
  4. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 3-пункту “Усупова Бурулуш Жумаковна - “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү” деген мазмундагы сап менен толукталсын:

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-декабрь  2013-жыл, №63