Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын №71 орто мектебин

жетим балдар жана ата-энелердин камкордугусуз  

калган балдар үчүн мектеп-интернатка

өзгөртүп уюштуруу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 10-январындагы №03-6/44 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Атамбаевдин тапшырмасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын  “Билим берүү жөнүндө” жана “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын №71 орто мектебин жетим балдар жана ата-энелердин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатка өзгөртүп уюштурууга макулдук берилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Кыргыз Республикасынын  “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык 2014-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө №71 жалпы билим берүү орто мектебин өзгөртүп уюштуруу боюнча  укук  белгилөөчү жана ченемдик документтердин долбоорлорун даярдасын жана Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча, регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияларынын  кароосуна киргизсин;

б) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча интернат тибиндеги билим берүү мекемелерине  көрсөтүлүүчү ченемдик талаптарга ылайык №71 орто мектептин материалдык-техникалык базасын реконструкциялоого чыгымдар сметасынын долбоорун иштеп чыксын;

в) 2014-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө  финансылык булактарды аныктасын жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна материалдарды берсин.

3. Октябрь райондук администрациясынын башчысы - К. А. Токтосартов, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги - Г. А. Тагаева №71 орто мектепти өзгөртүп уюштурууда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык окуучулардын (алардын ата-энелеринин макулдугу боюнча), педагогикалык жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын камсыз кылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин  социалдык   маселелер   боюнча   туруктуу   комиссиясына     (А. Т. Сариев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. И. Усубакуновага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

18-декабрь 2014-жыл, №69