Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын  Бишкек

шаарынын аймагында жайгашкан

коллектордук-дренаждык тармактардын

иштөөсүн жана күтүүсүн камсыздоо боюнча

ишинин натыйжалуулугу жөнүндө

         Коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүүсүн камсыздоо, ээсиз тармактарды Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине  кабыл алуу,  калктуу пункттарда жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү,  техникалык ченемдерге жана эрежелерге ылайык коллектордук-дренаждык тармактарды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясы, кызматтары жана анын түзүмдүк бөлүктөрү Бишкек  шаарынын аймагында жайгашкан коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүүсүн камсыздоо боюнча натыйжалуу ишти камсыз кылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, “Бишкек шаарынын жашыл курулуш” МИси, Бишкекбашкыархитектура, Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулуш департаменти:

а)  Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан азыркы ачык жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарынын (мындан ары-КДТ) толук реестрин  берсин;

б) мындан ары аларды күтүү жана тейлөө үчүн ээсиз тармактарды  муниципалдык менчикке кабыл алсын.

3. Бишкек шаардык финансы башкармалыгы ачык жана жабык КДТны күтүүгө, калыбына келтирүүгө жана ремонттоого, анын ичинде керектүү адистештирилген техника сатып алууга каржылоо чыгымдарын карап чыксын.

         4. Бишкек  шаарынын  архитектура  жана  шаар  курулуш  башкы башкармалыгы  жана   “Бишкек  шаарынын  жашыл  курулуш”  МИси  КДТнын санитардык сактоо зонасын  аныктасын  жана  аларды  андан  ары сакталышын камсыз кылсын.

         5. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары:

         а) Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулуш департаменти, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, Бишкек шаарынын жашыл курулуш”  МИси, Бишкек шаары, Сокулук, Аламүдүн  райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын регионалдык башкармалыгы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузууларды четтетүү боюнча мындан ары чара көрүү үчүн КДТ зонасында жайгашкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана турак үйлөрдүн тизмегин аныктасын;

         б) Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктары, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен бирдикте:

         -  таштандыларды жана менчик үйдүн септигинен же башка канализация системасынан  агындыларды таштоого жол бербөө жөнүндө Бишкек шаарынын калкынын арасында  системалуу жана максаттуу маалыматтык-түшүндүрүү иш уюштурсун;

- жеке турак үйлөрдүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин аймактары боюнча өтүүчү КДТны тазалоону камсыз кылсын, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык КДТ санитардык сактоо зонасында турган объекттерди көчүрүүнү жүргүзсүн.

         6. Бишкек шаардык кеңешке бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат 2014-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө жана андан ары квартал сайын берилсин.

         7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри  О. В. Попиковго, Бишкек  шаардык   кеңештин   турак - жай -

коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясына

(П. Н. Десятников)  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек шаары,

18-февраль 2014, №66