Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин  токтому

Бишкек шаардык кеңештин  2011-жылдын 20-

декабрындагы №288 “Бишкек шаарынын муниципалдык

менчигинде турган  жер участокторуна менчик же ижара

укуктарын берүү тартибин  жана шарттарын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө”  токтомуна,  Бишкек шаардык

кеңештин  2011-жылдын 20-декабрындагы №288 “Бишкек

шаарынын муниципалдык менчигинде турган  жер

участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү тартибин 

жана шарттарын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө”  токтому менен бекитилген “Бишкек шаардык кеңештин

“Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын кайтарымсыз

берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду  киргизүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун карамагында турган муниципалдык жер ресурстарын рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу  максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумушчу комиссиянын төрагасы К. К. Конгантиевдин маалыматы эске алынсын.
  2. Бишкек шаардык кеңештин  2011-жылдын 20-декабрындагы №288 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
  3. токтомдун аталышындагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;
  4. 1-пункттун 2-абзацындагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;
  5. “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна  менчик же ижара укуктарын кайтарымсыз берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” жобоготөмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  6. жобонун аталышындагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;
  7. 1-пункттун 2-абзацындагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;
  8. 2-пункттун 1-абзацындагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;
  9. 2-пункттун 2-абзацындагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;
    1. 5-пунктка төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:

а) в) кичи пункттун  12-абзацтагы “жогорулатуу”, “же колдоо”  деген сөздөр алынып салынсын;

б) 19-абзацтагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;

в) 20-абзац алынып салынсын;

  1. 7-пункттун 2-абзацындагы “ошондой эле киргизилиши мүмкүн” деген сөздөр алынып салынсын;
    1. 8- пунктка төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) б) кичи пунктундагы “менчик” деген сөз алынып салынсын;

б) в)  кичи пунктундагы “баштапкы” деген сөздөн кийин “жана акыркы” деген сөз менен толукталсын;

  1. 10-пункттагы  “менчик укуктарын сатып алуу-сатуу келишимдерин же”  алынып салынсын;
    1. 11-пунктка   төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а)  “же менчик” деген сөздөр алынып салынсын;

б)  в) кичи пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“ в) ал объекттин аянтын кеңейтүү максатында кирүүчү топту куруу же кошуп куруу, көрктөндүрүү үчүн жер участок менчик укугундагы жактарга таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын жанында жайгашса жана тейлөө жана көрктөндүрүү максатында токтотуу орундарын уюштуруу үчүн талап кылынса,  ошондой эле,  ушундай жер участокко үчүнчү жактарга укук берилип, менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келген учурларда;

Көп кабаттуу турак үйлөрдө кошумча курулма же кирүү топ куруу үчүн үй алдындагы жер участогун жол-жоболоштуруусуз жана турак жана турак эмес жайлардын бардык ээлеринин макулдугусуз жер участогун берүүгө жол берилбейт.”

в)  г) кичи пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“ г) 2004-жылдын 5-февралына чейинки  долбоорлоого жана курууга уруксат берүү документтерин жол-жоболоштуруу менен белгиленген тартипте курулган кошумча курулуш жана кирүү топ жайгашкан жер участогунда.”;

  1. 13-пункттагы “же менчик” деген сөздөр алынып салынсын;
  2. 14-пункттагы “же менчик” деген сөздөр алынып салынсын;
    1. 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“24. Жер участокто бак-дарактар жайгашкан учурда, бак-дарактарды кыюу же которууну компенсациялоонун суммасы же мүмкүн эместиги жөнүндө тийиштүү маалымат менен жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын корутундусу  соодалоону же түз сатууну өткөргөнгө чейин комиссиянын кароосуна милдеттүү түрдө  берилет.

Бак-дарактар жайгашкан жер участогун жер участогун пайдалануу укугу менен бирге берүүдө жерди пайдалануучуга жер участогунда жайгашкан бак-дарактарга менчик укугу да өтүшү мүмкүн. Ошону менен бирге, жер участогунда жайгашкан бак-дарактарды пайдалануу шарттарда  Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан аныкталат.

Эгерде бак-дарактарды кесүү же көчүрүп отургузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан жол берилбеген учурда, бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган бул жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана бак-дарактарды пайдалануу шарттарын аныктайт.

Эгерде бак-дарактарды кесүү же көчүрүп отургузуу мыйзам тарабынан тыюу салынбаса, бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган көрсөтүлгөн бак-дарактардын баасын компенсациялоо суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду түзөт. Бул учурларда бак-дарактарды кесүүгө же көчүрүп отургузууга уруксат берүү документтерин кайра макулдашуу жана алуу талап кылынбайт.”;

  1. 27-пункттун 4-абзацындагы “ылайык белгилейт” деген сөздөрдүн алдына “Бул жобонун 11-пунктуна” деген сөздөр  менен толукталсын;
  2. 28-пункттун 2-абзацындагы “пункттагы” деген сөз “22- жана пункттардагы” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
    1. 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“31. “Бул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө  берилген чыгымдарга ылайык Бишкекбашкыархитектурага, Мамкаттоого жана ыйгарым укуктуу органдарга юридикалык жана жеке жактар (арыз ээлери) тарабынан жүзөгө ашырылат.

Өз алдынча бирдик катары соодалоого коюла турган жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө  ижара келишимин түзгөнгө чейин соодалоонун жеңүүчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат.”;

  1. 34-пункттун 2-абзацындагы “ыйгарым укуктуу органдын сайтында жана” деген сөздөрдөн кийин “расмий” деген сөз менен толукталсын;
    1. 37-пунктка төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:

а) 1-абзацтагы “ал эми жер участогунун менчик укугунун баштапкы наркы көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат” деген сөздөр алынып салынсын;

б) 4-абзацтагы “анын ичинде көз карандысыз баалоо жүргүзүү менен” жана “Көз карандысыз  баалоону жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган менен көз карандысыз баалоочулардын (уюмдардын) ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат” деген сөздөр алынып салынсын;

  1. 38-пункттун 2-абзацындагы “менчик” деген сөз алынып салынсын;
    1. 42-пункттагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;
  2. 45-пункттун 7-абзацы алынып салынсын;
  3. 46-пункттагы “арыз берилген жер участогунун баштапкы наркынан 10%дан көп эмес өлчөмдө” деген сөздөр “бирок, белгиленген баштапкы нарктан 50 пайыздан кем эмес боло албайт”  деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
  4. 48-пункттун 2-абзацындагы “5” деген сандын маани “10” деген сандык маани менен алмаштырылсын;
    1. 66 - пунктка төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:

а) 2-абзацтагы “ наркты же” деген сөздөр алынып салынсын;

б) 3-абзацтагы “ал эми жер участогунун менчик укугунун баштапкы наркы ыйгарым укуктуу орган тарабынан көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат” деген сөздөр алынып салынсын;

в) 5-абзацтагы “ал эми же жер участогуна менчик укугун сатып алуу - сатуу келишими комиссия тарабынан белгиленген мөөнөттө жер участогунун наркын толук төлөгөндөн кийин түзүлөт” деген сөздөр алынып салынсын;

  1. 72-пункттагы “менчик же” деген сөздөр алынып салынсын;
  2. 85-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“85. Соодалоодо жана түз сатууда ижарага жер участокторун берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт”;

  1. 86-пункт алынып салынсын;
  1. Бишкек шаардык кеңештин муниципалитеттин стратегиялык иш-аракеттерин аныктоо, муниципалдык мүлктү башкарууну оптималдаштырууну иштеп чыгуу, Бишкек шаардык кеңештин бардык тийиштүү ченемдик укуктук базасын анализдөөнү жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиясы (К. К. Конгантиев) 2014-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте менчикке жер участокторун берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин.
  2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана ченемдик-укуктун актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалитеттин стратегиялык иш-аракеттерин аныктоо, муниципалдык мүлктү башкарууну оптималдаштырууну иштеп чыгуу, Бишкек шаардык кеңештин бардык тийиштүү ченемдик укуктук базасын анализдөөнү жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри (Б. О. Дюшембиев)  жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

19-ноябрь 2013-жыл, №55