Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Республикалык жана шаардык маанидеги кеңештердин төрагаларынын кичи футбол боюнча республикалык мелдеште жеңиши.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тарабынан уюштурулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республикалык кичи футбол боюнча мелдеши болуп өттү.

2-этаптын финалына 10 команда катышты:

• 7 команда – турнирдин 1-этабынын жеңүүчүлөрү, облустук деңгээлде 1-орунду алган командалар;

• 2 команда – республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын кеңешинин төрагаларынын бир командасы жана мэрлеринин экинчи командасы;

• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын  биргелешкен 1командасы.

Финалдык этапта Куванычбек Конгантиев капитан болгон республикалык жана шаардык кеңештердин төрагаларынын командасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун командасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Кеңештин төрагаларынын командасын жеңиши менен куттуктайбыз жана турнирдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз.