Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер.

Муниципалдык кызматкер болуу күнүмдүк, ак ниеттүү жана сапаттуу иштөөнү, кесипкөйлүктү жана өз убагында туура чечим кабыл алууну талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.

Бул майрам жарандык коомду өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да, мамлекеттик органдардын да ролун жана маанисин жогорулатууда алдыга сүрөйт. Эл ишеними биздин негизги капиталыбыз.

Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат өтөөгө келсек, бул ар бир адамга тиешелүү тармак. Бул деңгээлде биздин күнүмдүк турмушубуздун негизги маселелери чечилет. Активдүү турмуштук жана жарандык позициясы бар, маанилүү социалдык-экономикалык жана саясий маселелерди чечүүгө жөндөмдүү эмгекчилерсиз коомду куруу мүмкүн эмес. Учурдан пайдаланып, майрамга карата эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирүүлөрдү кабыл алыңыздар.

Жооптуу ишмердүүлүгүңүздөрдө сиздерге жаңы ийгиликтерди каалайм, ар дайым жаныңыздарда ишенимдүү жолдошуңуздар, кесиптештериңиздер жана пикирлеш адамдарыңыздар болсун.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана асыл жана  кесиптик ийгиликтерди каалайм.

Урматым менен, Куванычбек Конгантиев