Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы борбор калаабыздын айрым мектептерине кыдыруу уюштурду

2021-жылдын 3-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын келбей калгандыгына байланыштуу, күн тартибине киргизилген маселелерди кароо кийинкиге калтырылды.

Буга байланыштуу депутаттар 2021-жылга карата Титулдук тизмеге ылайык мектептерде аткарылгын капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышуу үчүн жалпы билим берүү уюмдарына барууну чечишти.

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Ленин районунун № 2 орто-мектебинде болушту.

Мектепте канализацияны жана жылуулукту оңдоо маселелерди кароонун жүрүшүндө дагы башка одоно бузуулар, анын ичинде окуу класстардын жана жайлардын антисанитардык абалы, иш кагаздарын жүргүзүү жана документтерди каттоо боюнча аныкталды. Окуу бөлүгү боюнча айрым документтерди жана ижарачылар менен түзүлгөн келишимдерди талап кылууда белгисиз себептерден жана мектеп директорунун түшүндүрмөлөрү боюнча материалдар толук көрсөтүлгөн эмес.

Окуучуларды каттоо журналдарындагы катталган жана тамактанууга ашканага чынында барган балдардын саны дал келбегендиктери аныкталган.

Депутаттар директордун  мектепти жетектөөдө 19 жылдык тажрыйбасына карабастан, жалпы ишти уюштурууда жетишсиз контролдоо жана жалпы билим берүү уюмун башкаруу ишмердүүлүгүндө компетентсиздиги үчүн педагогикалык коллективде жагымсыз абалга алып келгендигин белгилешти.

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчилигине коллективде түзүлгөн абалды талдап чыгуу, бардык иш кагаздарды ирээтке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү жана мектеп директоруна өз ишинде аныкталган бузуулар үчүн тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Андан соң, «Газпром Кыргызстан» мектебинин жетекчилигинин кайрылуусуна ылайык, туруктуу комиссия аталган мекемеге барышты. Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын иши, «Газпром Кыргызстан мектеби» коомдук фонду менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы Макулдашуунун пункттары,  ошондой эле муниципалдык мүлк комплекси үчүн ижара төлөмдөрү боюнча маселелер талкууланды.