Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Куванычбек Конгантиев Шаардык реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларын куттуктады

Бүгүн дүйнө жүзү Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүн белгилеп жатат. Бул майрам Кыргызстанда дагы белгиленүүдө.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев куттуктап, Шаардык реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларына 20 000 сомдук сертификат тапшырды. Бул каражаттар депутаттын жеке каражаттарынан борбордун биринчи керектөөлөрүн сатып алуу үчүн бөлүнүп берилди.

Куттуктоо сөзүндө Куванычбек Конгантиев реабилитациялык борбордун бардык кызматкерлерине, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине, ошондой эле борбордун директору Гүлнара Аманкуловага күнүмдүк жасап келген эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Баатырлар арабызда жашап келет. Баарыңыздар баатырсыңар. Сиздер эрдиктин, кайраттуулуктун, боорукердиктин жана баатырдыктын үлгүсүсүздөр! Сиздерге терең таазим..." деди ал.