Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Лира Акунова борбор калаанын түштүк аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар менен жолугуп, азык-түлүк баштыктарын тапшырды

2021-жылдын 3-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лира Акунова Бишкек шаарынын Октябрь районунун 3-, 4-, 5-, 6-, 7-кичи райондорунда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Борбор калаа парламентинин депутаты баарына керектүү азык-түлүк топтомун даярдап, жеткирип берди. Жалпысынан Лира Акунова өзгөчө камкордугубузга муктаж болгон Бишкек шаарынын 200 тургунун камтый алды.

Майыптар күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар күн сайын туш болгон көйгөйлөргө көңүл бурууга, ошондой эле мындай жарандардын укуктарын коргоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эскертүүгө дагы бир себеп.

Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар билим алып, спорт менен машыгып, өнүгүп кете алышат.