Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бүгүн, 2021-жылдын 1-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов жарандарды жеке кабыл алды.

Ошентип, «Кут» конушунун жашоочулары «Ново-Павловка, 100 гектар» аймагынын аймактык тиешелүүлүгү боюнча көйгөйлөрүн айтышты.

Кабыл алууда тургундарга жогорудагы маселени чечүү үчүн «Кут» конушунун жашоочуларынын бирдиктүү позициясын калыптандыруу үчүн тургундардын чогулушун өткөрүү сунушталды.

 Ошондой эле, жер тилкесин бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен жана жеке мүнөздөгү суроолор менен Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун тургуну кабыл алууга келген.

Шаардыктардын бардык айтылган суроолору Токтосун Султановдун жеке көзөмөлүнө алынды.