Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеӊештин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму

2021-жылдын 21-сентябрында Т. Сариевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык кеӊештин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумда комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү маселелерди карашты:

- БШК токтомунун долбоору “Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө”;

- БШК токтомунун долбоору «Бишкек шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө»;

- Бишкек шаарынын 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

- Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- Бишкек шаардык кеңештин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу;

- Муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө;

- Ар түрдүү маселелер.

Жүргүзүлгөн талкуунун натыйжасында комиссиянын мүчөлөрү бир нече чечимдерди жана тапшырмаларды кабыл алышты.