Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала-бакчалардын жаны 2021-2022 окуу жылына даярдыгы боюнча маалымат угулду

2021-жылдын 10-сентябрында Жаныбек Асанбековдун төрагалыгынын астында, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин катышуусу менен Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму  болуп өттү.
Биринчи кезекте депутаттарга Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэрлери жана алар тарабынан тейленүүчү  кызматтар тааныштырылды. Андан соң, мектептердин жана бала-бакчалардын жаны 2021-2022 окуу жылына даярдыгы боюнча, ошонун ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын саны, информациялык-технологиялар жана техникалык каражаттар менен камсыздоосу жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасынын жабдуусу боюнча маалымат угулду. Маселелерди талкуулоодо депутаттар тарабынан социалдык бөлүм боюнча актуалдуу көйгөйлөр аталып, шаар жана шаар тургундарынын пайдасына көйгөйлөрдү чечүү үчүн комиссия менен тыгыз өз ара аракеттенүү чечими кабыл алынды.