Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

2020-жылдын 5 – июнунда комиссиянын төрагасы Бактыбек Абдиевдин төрагалыгынын астында Бишкек шаардык кеңешинин реламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Күн тартибинин биринчи маселеси:

- жол белгилерин салуу. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдарды салуу боюнча маселе.

Бул  маселе боюнча комиссиянын жыйынына Бишкек шаары боюнча ИИББсынын МККБнын жана КР ИИМ ЖКККББнын өкүлдөрү катышты.

Алар бул маселе боюнча маалымат беришти. Кароонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан туура эмес орнотулган белгилерден жол кыймыл эрежелерин  аргасындан  бузуу тууралуу маселе которулду.

Кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаары боюнча ИИББсынМККБсына жана «Бишкекасфальтсервис» МИсине бул маселе боюнча тапшырма берүү чечими кабыл алынды.

Күн тартибинин экинчи маселеси:

- Бишкек шаары боюнча ИИББсынын ОА жана ОК режим мезгилинде жасаган иши жөнүндө маалыматы.

Бишкек шаары боюнча ИИББсынын өкүлдөрү карантиндик режим убагында жасаган иши, шаардын аймагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча азыркы иштери жана пландар тууралуу маалымат беришти.

Комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө», «Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдорун кучун жоготту деп табуу тууралуу» (отчеттордун графиги), «Бишкек шаардык кеңешинин «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу тууралуу», «Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорлорун талкуулашып, өз сунуштарын айтышты.  

Ошондой эле, «Газпром балдарга» мектебин кайра атоо маселеси каралды.