Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
202_-жылдын «___» ______
2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү
жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
10 361 655,1 миң сом – шаардык бюджет;
3 032 376,3 миң сом – Ленин администрациялык районунун бюджети;
2 498 484,7 миң сом – Октябрь администрациялык районунун бюджети:
2 883 045,0 миӊ сом – Биринчи май администрациялык районунун бюджети:
2 914 834,8 миӊ сом – Свердлов администрациялык районунун бюджети.
2..2026-2027-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин төмөндөгүдөй болжолу жактырылсын:
- 22 491 442,5 миң сом суммасында, 2027-жылга - 23 489 063,0 миң сом суммасында.
2026-2027-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдуу параметрлери аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда такталууга тийиш.
3. 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2026-2027-жылдарга болжолу ушул токтомдун 1, 1¹, 1², 1³-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4..Төмөндөгүлөр белгиленсин:
- 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгашаларды жана 2026-2027-жылдарга болжолду каржылоого каражаттар ушул токтомдун 2 жана 21-тиркемелерине ылайык карала тургандыгы;
- 2025-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлөт. Мында, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгышаларды (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар) каржылоо жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
Каражаттарды чыгымдоо жана чыгаша беренелерин максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;
- 2024-жылы толук каржыланбаган чыгашалар 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде компенсацияланат.
5..Бишкек шаары боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 2025-жылдын 1-январына карата 10 000,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча - 6 000,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча – 1 000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
6..2025-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүдөй бекитилсин:
- салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы, патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режим соода зонасындагы иш-аракеттерге салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:
Ленин администрациялык районуна – 60,8 %;
Октябрь администрациялык районуна – 49,9 %;
Биринчи май администрациялык районуна – 32,3%;
Свердлов администрациялык районуна – 59,3 %;
- роялти боюнча - 50,0% администрациялык райондорго;
3) бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы боюнча, башка салыктар жана жыйымдар, калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө, АЖМФнын жерлерин пайдалануу үчүн ижара төлөмү, мүлк ижарасы үчүн акы төлөө, авто токтотмо жана автотранспортту коюу үчүн жыйым, алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым, мамлекеттин пайдасына чегерилген кирешелер боюнча, башка салыктык эмес кирешелер боюнча, «Бишкек» ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча – 100 % шаардык бюджетке;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны сактап калуу үчүн жыйым, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынуучу айып пулдар боюнча – 100 % тийиштүү администрациялык райондордун бюджетине;
5) активдер жана милдеттенмелер боюнча чегерүүлөрдүн ченемдери:
Ленин администрациялык районуна – 25,0 %;
Октябрь администрациялык районуна – 25,0 %;
Биринчи май администрациялык районуна – 25,0 %;
Свердлов администрациялык районуна – 25,0 %;
7..Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 % тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.
8..Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу дайындалышы боюнча пайдаланылбаган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.
9..Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөрүүлөр зарыл болгон учурда ага тийиштүү түзөөтүлөр кабыл алынганча Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.
10.. 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:
- жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик үчүн 2800 сомго чейинки ай сайын үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600 чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);
- балдар музыкалык мектептеринин жаш адистеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;
- карылар үйүнүн, «Аяр» ден соолгунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин социалдык кызматкерлеринин айлык акысына - 1 кызматкерге ай сайын 4000 сом эсебинде үстөк акы;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин, «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, китепканачыларынын, музей кызматкерлеринин жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлеринин, Ленин администрациялык районунун Чоң-Арык айылы муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарых музейинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драма театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналынын эмгек акысына - 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы;
- материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай - сайын 2000 сомдон үстөк акы;
- райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик - учёттук персоналдарынын эмгек акыларына - 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;
- билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларына - 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык балдар сүтканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Профилактикалык дезинфекциялоо боюнча шаардык дезинфекциялык станциясынын кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акылар:
орто жана башка персоналга - бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон көп эмес;
кенже персоналга - бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон көп эмес;
кенже медициналык персоналга - бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон көп эмес;
Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык балдар сүтканасынын адистештирилген транспорт каражаттарынын айдоочуларына балдар сүт азыктарын ташуу үчүн бир ставкага 2000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 2000 сомдон көп эмес;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин медициналык-педагогикалык комиссиясынын усулчуларынын эмгек акыларына - 1 кызматкерге ай сайын 1500 сом эсебинде үстөк акы;
- Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен ай сайын 100 % өлчөмүндө үстөк акы;
- Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кенже тейлөөчү кызматкерлеринин жана техникалык персоналдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен ай сайын 100% өлчөмүндө түрткү берүүчү төлөмдөр;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кенже тейлөөчү жана техникалык персоналы, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлери үчүн өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды эсептөөдө эске алынбаган жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнүүчү (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрүндө иштеген күндөр алып салынат) төмөнкүдөй компенсациялык суммалар белгиленсин:
- кызматтык же кезметтик автомобиль бекитилип берилген тейлөөчү персоналдан тышкары, транспорттук чыгымдар үчүн айына 2000 сом өлчөмүндө;
- тамактануу үчүн айына 5000 сом өлчөмүндө.
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактанууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:
- 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 50 сом;
- 3 төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 60 сом;
- акыл - эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 120 сом, балдар сутка бою болгон топтордо-120 сом;
- кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 150 сом;
- жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5-7-класстагы балдары үчүн - 22 сом;
- жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын окуучу-балдары үчүн - 22 сом;
- жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар-окуучулар үчүн - 36 сом;
- «Акниет» турмуштук оор кырдаалда турган балдар борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда жана Октябрь районунун № 71 орто мектеп-интернатындагы топтордо жана №1 гимназия-интернатында - 220 сом;
- «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борбордо - 120 сом;
- жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 120 сом;
- «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунда - 200 сом;
- «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде - 200 сом;
- белгилүү жашаган жери жок адамдарды тамактандырууга - 70 сом;
- мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:
- Турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн «Акниет» борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдар үчүн реинтеграциялоо борборунда - 12,80 сомго чейин;
- «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда - 5,00 сомго чейин;
- «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде, «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунда - 12,50 сом;
- белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн - 12,50 сомго чейин.
- 2025 - жылга төмөнкү чыгымдар бекитилсин:
- жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бирден ставкасын күтүүгө;
- «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесин күтүүгө;
- «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунун кызматкерлеринин 70,0 штаттык бирдигин күтүүгө;
- Ленин, Октябрь райондорунун эки кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов районунун № 35 жана № 94 жалпы билим берүү мектептеринин алдындагы кечки класстарды күтүүгө;
- Бишкек шаарынын «SOS - Герман Гмайнер окуу-тарбиялоо комплекси» мекемесинин, SOS - Бишкек шаарынын балдар айылынын бала бакчасынын чыгашаларын төлөөгө;
- «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашаларын төлөөгө;
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилеринин Бишкек шаардык жана райондук кеңештеринин чыгашаларын төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому менен бекитилген билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары менен каралбаган, ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык 659,25 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;
- Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык жана инженердик инфратүзүмдөр, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн түзүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;
- «Кут» конушунун балдарын Чүй областынын Сокулук районунун «Манас» конушундагы Ат-Башы орто мектебине ташууну уюштурууга;
- Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;
- райондордун администрациялык шаардык бюджетинен карыздарды жоюуга жана милдеттенмелерди аткарууга берилүүчү каражаттар боюнча;
- балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктар үчүн айына 100 литрден бензин сатып алууга;
- райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын күтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаары боюнча финансы башкармалыктарынын жергиликтүү бюджетти тейлөөчү кызматкерлерин күтүүгө жана жергиликтүү бюджеттен бир айлык эмгек акынын өлчөмүндө дем берүүчү төлөмдөргө;
- Кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин, аксакалдар сотторунун төрагалары үчүн келишимдик негизде ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык акы төлөө белгиленсин.
- Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон төлөө белгиленсин.
- «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемесинин футболчуларына келишимдик негизде ай сайын стипендия белгиленсин.
- «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемесинин машыктыруучуларына контракттык негизде ай сайын эмгек акы белгиленсин.
- «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Мобилизациялык резервинин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлерине жана «Алга» Бишкек спорттук борбору» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 5, 51, 52-тиркемелерине ылайык белгиленсин.
- Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу «Алтын-Булак» пансионаты» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 6, 61-тиркемелерине ылайык белгиленсин.
- Жалпы билим берүү уюмдарындагы аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча жетекчилерге айына 6000 сом өлчөмүндө кызматтык маяна белгиленсин.
- 2025-2027-жылдарга Бишкек шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык жактырылсын.
- Администрациялык райондордун эсептериндеги жылдын башына карата бөлүнбөгөн жергиликтүү бюджеттик каражаттардын калдыгы шаардык бюджетке топтоштурулсун.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Маалымкат-негиздеме (doc. 55kb)
Финансылык корутунду (docx. 34kb)
Юридикалык корутунду (docx. 14kb)
Тиркемелер (xlsx. 187kb)
Түшүндүрмө кат (docx. 39kb)