Долбоор
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жүргүнчү транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, борбор шаардын тургундарын жана меймандарын үзгүлтүксүз ташуу, муниципалдык жүргүнчүлөр транспорттук ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, кызмат көрсөтүүгө бааны жөнгө салуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 токтому менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 68-пунктуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы «2021-жылдын 1-ноябрынан тартып» деген сөздөр «2023-жылдын «___» ____________ тартып» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын мэринин транспорт жана курулуш маселесин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
Төрагасы
Аналитакалык кат (pdf. 1578 kb)
маалымкат-негиздеме (docx. 21 kb)
финансылык корутунду (docx. 14 kb)
юридикалык корутунду (docx. 228 kb)