Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө

         Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана муниципалдык коомдук транспорт менен жүргүнчү  ташуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 39-беренелерине, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы №166/51-6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча   2018-2022-жылдарга мамлекеттик программага (үчүнчү этап) ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

        

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 «Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

         жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринде:

         - 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

         «Муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн акы төлөөнү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген дифференцияланган тариф боюнча накталай формада алууга жол берилет.».

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2021-жылдын                     1-ноябрынан тартып Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту (менчиктин түрүнө карабастан 3000 куб. смдан жогору көлөмү менен электр моторлуу, газ моторлуу жана дизелдүү кыймылдаткычтары менен бардык типтеги троллейбус, автобус, менчиктин түрүнө карабастан         3000 куб. смдан ашпаган кыймылдаткыч көлөмү менен өзгөчө кичине класстагы автобус) менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга  тарифтерде:

         - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:

         жол кире үчүн накталай эмес формада  акы төлөгөн учурда 3000 куб. сантиметрден жогору көлөмдөгү электр моторлуу, газ моторлуу жана дизелдүү кыймылдаткычтагы бардык типтеги муниципалдык автобуста, троллейбуста - 11 сом;

         жол кире үчүн накталай  формада  акы төлөгөн учурда 3000 куб. сантиметрден жогору көлөмдөгү электр моторлуу, газ моторлуу жана дизелдүү кыймылдаткычтагы бардык типтеги муниципалдык автобуста, троллейбуста -25 сом;

     менчиктин  жеке менчик формасындагы 3000 куб. сантиметрден жогору көлөмдөгү электр моторлуу, газ моторлуу жана дизелдүү кыймылдаткычтагы бардык типтеги троллейбуста, автобуста - 11 сом;

         менчиктин түрүнө карабастан 3000 куб. сантиметрден ашпаган кыймылдаткыч көлөмү менен өзгөчө кичине класстагы автобуста - 15 сом.

3. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана  Бишкек шаарынын мэринин транспорт жана  курулуш маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы     

маалымкат-негиздеме (docx.40 kb)
финансылык корутунду (docx. 18 kb)
салыштырма таблица (doc. 42 kb)
коштомо кат (pdf. 254 kb)