Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «___»___________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 «Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 токтому менен бекитилген Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 14-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 11-13-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ижара төлөмүнүн наркын көбөйтүү менен жер участогун пайдалануу мөөнөтүн узартуу жөнүндө буйрук чыгарат:
1) эгерде бузуулар, четтөөлөр жана чектөөлөр жок болсо - 10 пайызга, анын ичинде кандайдыр бир объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле жайгаштыруу каралбаган жер участокторго;
2) эгерде жер участогуна курулуш түшпөсө, бирок архитектуралык-пландоо шарттары бар жана ижара төлөмдөрү боюнча карызы жана башка бузуулар жок болсо - 30 пайызга;
3) эгерде жер участогуна курулуш түшпөсө, уруксат документтери жок, бирок ижара төлөмдөрү боюнча карызы жана башка бузуулар жок болсо - 100 пайызга.
Мөөнөтү аяктаган ижара келишими менен жер участогун пайдалануу укугу ушундай эле мөөнөткө узартылат.»;
б).17-пункттагы «комиссиянын» деген сөз алып салынсын жана «орган» деген сөз «органдын» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 29-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«29.Үлүштүк курулуш келишимин түзүүгө макулдук жеке ишкер болуп саналган ижарачыга - жеке жакка; пландаштырылган иш-аракет ижара келишиминин шарттарына ылайык келген учурда алуучуга коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жакка - ижарачыга берилет.
Үлүштүк курулуш келишимин түзүүгө макулдук берүү жер участогун пайдалануу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүү үчүн негиз болуп саналбайт жана арыз катталган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын кароосун талап кылбастан ижарачыга берилет.»;
г).23-пункттагы «жөнөкөй шериктештик (бирдиктүү иш-аракеттер) келишимин жана» деген сөздөр алып салынсын;
д).30-пункттагы «Жөнөкөй шериктештик (биргелешкен иш) келишимин же» деген сөздөр алып салынсын;
е) 35-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«35. Төмөндөгүлөргө макулдук берүүгө жол берилбейт:
- жер участокторун бириктирүүгө;
- жер участогуна укукту чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым же өндүрүштүк кооперативдерге пайлык төгүм катары киргизүү үчүн.».
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
маалымкат-негиздеме (docx.26 kb)
салыштырма таблица (docx. 28 kb)
юридикалык корутунду (docx. 16 kb)