Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын “__”________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
«Кара-Жыгач токою» сейил багынын чек арасын бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын сейил бактарынын аймактарын сактоо жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 78-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
- «Кара-Жыгач токою» сейил багынын чек арасынын схемасы 1-тиркемеге ылайык;
- «Кара-Жыгач токою» сейил багынын чек арасынын схемасынын координаттык чекиттери 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы (макулдашуу боюнча) жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
маалымкат-негиздеме (docx. 28 kb)
юридикалык корутунду (docx. 15 kb)
финансылык корутунду (pdf. 733 kb)
Координаттык чекиттер (docx.27 kb)
Схемасы (pdf.931 kb)