Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
20__жылдын «__» ________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
«Тазалык» муниципалдык ишканасына Бишкек шаарынын бюджетинен бюджеттик кредит берүүгө макулдук берүү жөнүндө
«Тазалык» муниципалдык ишканасына колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна, 79-беренесинин 5-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын 2023-жылга бюджетинен «Тазалык» муниципалдык ишканасына 108 000 000 (бир жүз сегиз миллион) сом суммасында бюджеттик кредит берүүгө макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- төмөндөгү шарттарда кредиттик келишим түзсүн:
2024-жылдын 15-январынан тартып 2026-жылдын 15-декабрына чейин негизги карыз боюнча карызды бирдей өлчөмдөгү төлөмдөр менен жабуу;
негизги карыз жана бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар боюнча карызды жабуунун мезгилдүүлүгү ар бир айдын 15-числосу;
бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык коюм - 0,1 жылдык пайыз;
мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасына чегерилүүчү финансылык санкциялар - 0,2 жылдык пайыз;
- «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздасын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
маалымкат-негиздеме (docx.30 kb)
финансылык корутунду (pdf. 930 kb)
юридикалык корутунду (docx. 22 kb)