ДОЛБООР
Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясы
БИШКЕКЕ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамына ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий мурасын сактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин. “он” деген сөз “жыйырма” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жана тейлеген Бишкек шаарынын орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
Негиздеме- маалым кат (docx.18kb)
Салыштырмалуу таблица (docx.21kb)