Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында жер участокторун акысыз пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32, 34-статьяларына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын аймагында жер участокторун акысыз пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                          

Токтом долбоору(docx.19kb)

Жобо (docx.32kb)

Негиздеме- маалым кат (docx.23kb)

Финансылык кортунду (docx.40kb)

Юридикалык кортунду (docx.14kb)