Долбоор
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2- пунктуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 токтому менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 68-пунктуна ылайык, жүргүнчү транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, борбор шаарыбыздын тургундарын жана меймандарын үзгүлтүксүз ташуу, муниципалдык жүргүнчүлөр транспортунун ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, аларга кызмат көрсөтүүдө бааны жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы «2021-жылдын 1-ноябрынан тартып» деген сөздөр «2022-жылдын «___» ____________ тартып» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
Төрагасы
маалымкат-негиздеме (doc.21 kb)