Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2022-жылдын «___»____________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарындагы гүл бакчага «Кыргыз Республикасынын Эл артисти Төлөгөн Томотоев атындагы гүл бакча» аталышын ыйгаруу жөнүндө
Шаардыктардын жана борбор шаардын меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 09-3/1318 өтүнүч катын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарындагы «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароо жөнүндө» кеңешмесинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 18-2137 протоколун, Бишкек шаарында топонимика жана элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 4 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарындагы Анарбек Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүл бакчага «Кыргыз Республикасынын Эл артисти Төлөгөн Томотоев атындагы гүл бакча» аталышы тиркелген чиймеге ылайык ыйгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
маалымкат-негиздеме (doc.21 kb)
финансылык корутунду (doc. 15 kb)
юридикалык корутунду (doc. 15 kb)