Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                                 Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«____» ________________

                                                                              

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 23 «Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага алуу укугу менен ижаралоого укугу бар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын жана жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү объекттердин № 2 Тизмесин жана № 2 Тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине, Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтому менен бекитилген, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 23 «Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага алуу укугу менен ижаралоого укугу бар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын жана жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү объекттердин № 2 Тизмесин жана № 2 Тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын № 2 Тизмесине:

- «шаардын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактардын тизмеси» главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:

«

23.

Кыргыз Республикасынын адвокатурасы

Москва көчөсү,   

№ 90 үй

100

                                                                                                                 »     

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, № 2 тизмесине киргизилген ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга бериле турган муниципалдык мүлк объекттеринин № 2 Тизмегинде:

- «Шаардын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга бериле турган муниципалдык мүлк объекттеринин тизмеги» главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 23 жана                          24-пункттар менен толукталсын:

«

23.

Москва көчөсү, № 90 үй

1-кабат

98,2

23

Кыргыз Республикасынын адвокатурасы

100

24.

Москва көчөсү, № 90 үй

2-кабат

98,2

23

Кыргыз Республикасынын адвокатурасы

100

 »     

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтому менен бекитилген № 2 тизмесине киргизилген ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга бериле турган муниципалдык мүлк объекттеринин № 2 Тизмегинин «Шаардын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга бериле турган муниципалдык мүлк объекттеринин тизмеги» главасынын  2023-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кире турган 23-пунктун кошпогондо,  расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                            К.К. Конгантиев                           

 

маалымкат-негиздеме (doc. 32 kb)

финансылык корутунду (doc. 16 kb)

юридикалык корутунду (doc. 22 kb)

салыштырма таблица (doc. 19 kb)