Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2022-жылдын «__» _____

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги  № 27 «2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 27 «2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы «15 022 517,2», «9 647 591,7», «1 426 264,5», «1 343 945,0», «1 262 475,5», «1 342 240,5» деген цифралар тийиштүү «14 563 660,2», «5 973 296,5», «2 307 260,6», «1 959 757,0»,  «2 307 463,7», «2 015 882,4» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 11, 12, 13 - тиркемелери ушул токтомдун 1, 11, 12, 13 - тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 21- тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 21-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

4) 10-пункттун 14-пунктчасында:

- биринчи абзацта «техникалык тейлөөчү персоналына» деген сөздөрдөн кийин «2022-жылдын 1-сентябрына чейин» деген сөздөр менен, «өлчөмүндө үстөк акы» деген сөздөрдөн кийин «жана 2022-жылдын 1- сентябрынан тартып эмгек акыны жогорулатууну эске албастан эки маяна өлчөмүндө үстөк акы» деген сөздөр менен толукталсын;

- экинчи абзацта «кызматкерлеринин кызматтык маянасына» деген сөздөрдөн кийин «2022-жылдын 1- сентябрына чейин» деген сөздөр менен, «өлчөмүндө үстөк акы» деген сөздөрдөн кийин «жана 2022-жылдын 1- сентябрынан тартып эмгек акыны жогорулатууну эске албастан бир маяна өлчөмүндө» деген сөздөр менен толукталсын;

5) 13-пунктта:

- 21-пунктчада «иш үчүн» деген сөздөрдөн кийин «2022-жылдын 1-сентябрына чейин» деген сөздөр менен толукталсын;

- 22-пунктчада «муниципалдык кызматчыларына» деген сөздөрдөн кийин «2022-жылдын 1-августуна чейин» деген сөздөр менен толукталсын;

6) 19-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

«19. Төмөндөгү мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маяналары белгиленсин:

- «Алтын-Булак» пансионаты» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин ушул токтомдун 6 жана 61 - тиркемелерине ылайык 2022-жылдын 1-апрелине чейин, ушул токтомдун 10 жана 101- тиркемелерине ылайык - 2022-жылдын 1-апрелинен тартып;

- Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунун 2022-жылдын 1-апрелине чейин ушул токтомдун 62-тиркемесине ылайык.»;

7) 10 жана 101- тиркемелер менен ушул токтомдун 3 жана 31- тиркемелерине ылайык редакцияда толукталсын;

8) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

9) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемесинде:

- «Шаардык бюджет» бөлүгүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына, Новгород көчөсү (Астрахань көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейин) дареги боюнча жолду оңдоого 12 425,5 миң сом суммада,» деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;

- «Суммасы» графасында «517 583,5» жана «512 425,5» деген цифралар тийиштүү «505 158,0» жана «500 000,0» деген цифраларга алмаштырылсын;

- «Ленин администрациялык району» бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

«

Ленин администрациялык району

 

                        21 645,1  

706

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына Новгород көчөсү (Астрахань көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейин) дареги боюнча жолду оңдоого 12 425,5 миң сом суммада.

                        12 425,5  

708

Эс алуу, спорт, маданият жана дин

Ленин районунун № 5 муниципалдык аймактык башкармалыгына видео көзөмөлдөө тутумуна оңдоо жүргүзүүгө150,0 миң сом суммада.

                             150,0  

709

Билим берүү

Ленин райондук билим берүү борборуна № 42, № 50, № 57 орто билим берүү мектептерине воркаут-аянттарын жана спорт талааларын курууга 9 069,6 миң сом суммасында.

                          9 069,6  

 ».

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күндөн кийин күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                               К. Конгантиев

 

маалымкат-негиздеме (docx.33 kb)

тиркеме(xlsx. 262 kb)