Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2022-жылдын «_____»__________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕⱧЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формаларын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө

 

         Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формаларын түзүү маселелерин жөнгө салуу максатында, «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39 жана 57-беренелерине, «Жамааттар жана алардын бирикмелери   жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеӊеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формаларына эсептик каттоо жүргүзүү жана Бишкек шаарынын жамаатынын уставын бекитүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формаларына эсептик каттоо жүргүзүү жана Бишкек шаарынын жамаатынын уставын бекитүү укугу Бишкек шаардык кеӊешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына өткөрүп берилсин.

3. Бишкек шаардык кеӊешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 37 «Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймактык коомдук органдарын эсептик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине  жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеӊешинин төрагасы                                                    К.К. Конгантиев

 

 

маалымкат-негиздеме (doc.25 kb)

финансылык корутунду (doc. 14kb)

юридикалык корутунду (doc. 15 kb)