Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                                              Долбоор

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

 

 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында муниципалдык менчик объекттерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                            К.К. Конгантиев

 

 

маалымкат-негиздеме (doc.25 kb)

финансылык корутунду (doc. 19 kb)

юридикалык корутунду (doc. 20 kb)