Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

        2022-жылдын «___»____________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

«Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук» сейил багы»

аталышын Бишкек шаарындагы гүл бакчага берүү жөнүндө

 

Шаардыктардын жана борбор шаардын меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 39-беренелерине ылайык, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2022-жылдын 21-июнундагы № KKG-198/22 нотасын, Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2022-жылдын 29-июлундагы № 3 протоколун эске алып,  Бишкек шаардык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шарынын Байтик Баатыр – Иса Ахунбаев – Касымалы Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүл бакчага                    «Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук» сейил багы» аталышы тиркелген чиймеге ылайык берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.
  5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                       

 

маалымкат-негиздеме (doc.22 kb)

 юридикалык корутунду (doc. 16 Кб)

 финансылык корутунду (doc. 15 Кб)

элчиликтер нотасы (pdf. 114Kb)

комиссиянын протокол (pdf. 592Kb)

парктын схемасы (jpg. 1.22mb)