Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2021-жылдын «25» август

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесин ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын чектериндеги Кз зоналык коэффициентинин мааниси тиркеме ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 14 «Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталыштагы «жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин» деген сөздөр алып салынсын;

2) 2 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын экономика жана финансы маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                       К.К. Конгантиев

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 41 Кб)

- салыштырма таблицасы (doc. 36 Кб)