Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор 2021.18.08.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу тутумун өркүндөтүү, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү жана жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 50 “Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

         3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана  Бишкек шаарынын транспорт маселесин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

         5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Тикемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 23 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 17 Кб)

- Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого бардык тиркемелер (doc. 122 Кб)

- АРВ (pdf. 609 Кб)