Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2021-жылдын « 16 » февраль

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин 2020-жылдын 14-январындагы № 125 “2020-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын тургундарын дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш 

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1. 2021-2025-жылдардагы мезгилде Бишкек шаарынын массалык спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү концепциясы (мындан ары – Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Бишкек шаарынын мэриясы:

           - белгиленген тартипте Концепцияны ишке ашыруу планын иштеп чыксын жана бекитсин;

           - Бишкек шаардык кеңешке Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ар бир жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча берсин.

           3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

          4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                        Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- юридикалык корутунду (doc. 23 Кб)